Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери кычкылтек концентраторун тартуулашты

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана башкы консулдуктары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты. Бул жабдуулар мекемелердин жеке каражатына алынган.

49 кычкылтек концентраторунун 15и президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына тапшырылды. Калгандары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Министрлик аны муктаждыгына ылайык өлкөдөгү бейтапканаларга бөлүштүрүп берет.

Дагы караңыз

Кыргызстан Кытайдан 78 кычкылтек концентраторун сатып алды Чехиядагы кыргызстандыктар дары жөнөтүштүТүркиядан Кыргызстанга гумжардам жана дарыгерлер келиштиАКШдагы кыргызстандыктар өз өлкөсүнө медициналык жабдууларды сатып беришетНоокендик жаштар айылдагы ооруканага жабдыктарды сатып беришти

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы июнь-июль айларында күч алып, ооруканаларда кычкылтек концентраторунун жетишсиздиги байкалган. Жарандык коом, кайрымдуулук уюмдары, жеке инсандар тарабынан каражат чогултулуп, кычкылтек концентраторлору сатылып алынган. (ZKo)