Кыз ала качуу боюнча козголгон иш сотко өтө элек

Иллюстрациялык сүрөт.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча 7-августта Түп районуна кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш иши бүгүн, 29-августта сотко өтүшү керек болчу.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бул маалыматты жокко чыгарды. Соттун канцеляриясынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, бул факт боюнча иш сотко өтө элек.

Дагы караңыз

Кыз ала качуу үчүн шек саналган үч киши кармалды«Кылым шамы»: Ала качууга туш болгон кыз психологдун жардамына муктажАла качууга каршы онлайн оюн иштелип чыктыИзилдөө: Аялдарга зомбулук тууралуу иштердин 11% гана сотко жеткенИталиялык жазуучунун кыз ала качуу жөнүндө китеби кыргызча чыкты

7-августта Түп районуна 23 жаштагы кызды ала качууга шек саналып, үч киши кармалган. Алар убактылуу камоочу жайга киргизилген. Милициянын кийлигишүсү менен ала качууга кабылган кыз Бишкек шаарына жеткирилген. Кылмышка шектүүлөр жана алардын тарапкерлери ала качуу фактысы жана ага байланыштуу коюлуп жаткан айыптар тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда 2013-жылкы мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат. Иликтөөлөрдө жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралары, ала качуу курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылган учурлары өтө сейрек кездешери айтылып келет. (ZKo)