Өкмөт өлкөдө чакан бизнес 80% чейин калыбына келди деп эсептейт

Беткап тигип жаткан тигүүчүлөр. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында өкмөттүн ишкерлерди колдоо аракети натыйжалуу болгонун айтып, чакан бизнес 80% чейин калыбына келип калганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бороновдун айтымында, чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында анын саны 20 миңге чейин азайган. Учурда 75 миң патент берилди. Ал эми 2020-жылдын сегиз айында салык кирешесинин көлөмү 37,5 млрд. сомго жетти. 2019-жылдын сегиз айында ал 38,9 млрд. сом болгон.

Дагы караңыз

Кыргызстанда чакан бизнес ээлери бир жылга салыктан бошотулат Айтылган насыя ишкерге жетпей жататӨкмөт бюджет толтурууда кыйналды Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык күчөйт

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнга алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болору айтылган. 2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды. Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. (TSh)