Беларус милициясы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы бейшембинин кечиндеги жүрүштөрдө ондогон митингчилер менен журналисттерди кармап кетти. «Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, 27-августта Минск шаарында жалпысынан 35 журналист кармалды. Алардын 17исин милиция Эркиндик аянтынан, калганын Эгемендик аянтынан салып кеткен.
Беларустун Ички иштер министрлиги журналисттер аккредитациясын текшерүү максатында милиция бөлүмүнө жеткирилгенин маалымдады. Кармалган журналисттердин арасында «Азаттыктын» беларус кызматынын фотографы Владимир Грыдин жана «Reuters», «Associated Press», «TASS», «БелаПАН», «Белсат» сыяктуу жаңылыктар агенттиктеринин кабарчылары бар.
Бейшембинин кечинде Минскидеги Эгемендик аянтында бир топ демонстрант кармалды. Аянтты күч кызматкерлери курчап турду.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар 9-августтан бери токтобой жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону Александр Лукашенко 80% добуш менен жеңгенин билдирген. Бирок расмий эсеп боюнча 10% жакын добуш топтогон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская да, түмөндөгөн демонстранттар да мындай жыйынтыкты тааныбай келатышат.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Берлинде экинчи күн катары менен Беларуска санкция салуу маселесин талкуулап жатат.
Дагы караңыз Минскиде атактуу жазуучу сурак берди