Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызына карата чыгарчу чечимди уктуруу жараянына журналисттер киргизилбей жатат.
27-августта түштөн кийин башталган отурумду судья Чолпон Досмамбетова карап, кечки саат жетиде чечим угузулары айтылды. Бирок чечим чыгаруу учурунда журналисттерге сот залын жаап коюшту. Кабарчылар нааразылык билдирип, анын себебин сурашты. Эч ким түшүндүрмө берген жок.
Партиянын өкүлү Александр Мощин БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана партияны шайлоо жарышы үчүн каттоого милдеттендирүүнү суранды. Судья экинчи талапты кароого укугу жок экенин билдирип, ал маселе каралган жок.
БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.
Сот жараяны учурунда «Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимин жокко чыгарууну, ага каршы бир нече партиялардын өкүлдөрү күчүндө калтырууну талап кылып турушту.
Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. (SE)