Шайлоодон кийин Литвага чыгып кеткен, 9-августта өткөн шайлоодо оппозициянын атынан президенттикке ат салышкан Светлана Тихановская Беларустагы саясий кризисти тынч жөнгө салыш үчүн Минскидеги расмий бийликти диалогго чакырды.
25-августта Европарламенттин Тышкы иштер боюнча комитетинин жыйынына онлайн катышып жатып Тихановская Беларус бийлигинен «алардын саясий укуктарын сыйлоону» талап кылып, «бардык саясий туткундарды» эркиндикке чыгарууну жана «коркутуп-үркүтүүнү токтотууга» чакырды.
«Беларус ойгонду. Биз мындан ары оппозиция эмеспиз. Азыр биз көпчүлүкпүз», - деп билдирди Тихановская. Ал ошондой эле бардык мамлекеттерди беларус элинин «адилеттүү жана эркин шайлоо өткөрүү» мүдөөсүн колдоого, ошол эле учурда «Беларус элинин эгемендигин» жана «аймактык бүтүндүгүн» сыйлоого чакырды.
Тихановскаянын мындай билдирүүсү Беларуста оппозициянын тарапташтары кармалып жаткан маалга туш келди.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Куралдуу күчтөрдү толук даярдыкка келтирүүгө буйрук берди.
Дагы караңыз
Минск: Түмөндөгөн эл жана курал көтөргөн Лукашенко «Жаңы Беларус жүрүшүнө» түмөндөгөн эл чыкты Тихановская: Эл бийликтин тынч жарандарга күч колдонгонун кечирбейтБеларустагы акциялар 9-августтан бери токтой элек.
Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин кызматтан кетишин талап кылышууда.