Мексикада 30 млн. окуучуга сабактар телеканал аркылуу өтүлө баштады

Аралыктан сабак окуп жаткан окуучу.

24-августта Мексикадагы 30 миллиондой мектеп окуучуларына сабактар телекөрсөтүү аркылуу өтүлө баштады. Өлкөдө Интернет бардык аймактарда жеткиликтүү болбогону үчүн бийлик ушундай чечимди кабыл алган.

Телекөрсөтүү өлкөнүн 94% жеткиликтүү болсо, Интернет 70-80% гана жабат.

Мексикадагы ата-энелердин көбү сыналгы аркылуу өткөрүлүп жаткан сабактардын сапатына нааразы. Алар балдар ансыз да үйдө отуруп психологиялык жактан жабыркады деп эсептешет.

Өлкөдө мектептерге барып окуу март айында токтотулган. Мексика коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунду ээлейт.

Дагы караңыз

Онлайн окуу: даярдык жана коопсуздукМугалимдер англис тилин жаңы ыкма менен окуштуОкуу жылынын башталышы баш ооруга айланды

Ал эми Кошмо Штаттарда аралыктан окутуунун биринчи күнүндө ZOOM байланыш платформасындагы алишемдиктер сабактарды үзгүлтүккө учуратты.

Пандемия башталганы онлайн жыйындар, сүйлөшүүлөр үчүн активдүү колдонулуп келген ZOOM эки жарым саатка өчүп калган. Компания анын себебин түшүндүргөн жок.

Дүйнөдө коронавирустан 811 миңден көп адам каза болду, инфекцияга 23,5 миллион адам чалдыкты.