Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу партиялардан келген документтерди кароого киришти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Боршайком мыйзамга ылайык 24-августта саат 18.00дө талапкерлердин тизмесин катташ үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктады. Ушул убакка чейин БШКга төмөнкү саясий партиялар документтерин тапшырды:
1. «Актив»;
2. «Ооганстан согушунун жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы»;
3. «Мекен Ынтымагы»;
4. «Ата Мекен» социалисттик партиясы;
5. «Мекенчил»;
6. «Бир Бол»;
7. «Ыйман Нуру»;
8. «Замандаш»;
9. «Чоң Казат»;
10. «Реформа»;
11. «Республика»;
12. «Бүтүн Кыргызстан»;
13. «Социал-демократтар»;
14. «Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы;
15. «Мекеним Кыргызстан»;
16. «Ордо»;
17. «Кыргызстан».
БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен партиялардын, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусунда жумушчу топтун кеңейтилген жыйынын өткөрө турганын билдирди. Жыйындын убактысы айтыла элек.
24-августта «Кыргызстан» партиясы документтерин тапшырууда кечигип калганы кабарланган. Партия лидери Канатбек Исаев документтер өз убагында берилгенин айтууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
БШКнын каттоо журналындагы аталган партиянын документ тапшырган мөөнөтү чийилип, оңдолгону коомчулукта катуу талкууланып жатат.
«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 24-августта саат 18:00гө чейин талапкерлердин тизмесин катташ үчүн тиешелүү документтерди БШКга берүүгө тийиш. БШК документтерди кабыл алгандан кийин 10 күн ичинде талапкерлердин тизмесин текшерип чыгат. Андан кийин талапкерлердин тизмесин каттайт же жүйөлүү себептерге таянуу менен каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. (NT)
Дагы караңыз
«Реформа» партиясы документ кабыл алуудагы чыр боюнча УКМКга кайрылдыКанатбек Исаев: «Кыргызстан» партиясынын документтери өз убагында берилген (видео)Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров БШКнын алдына пикетке чыкты