Шайлоо-2020: үч партия шайлоого катышуудан баш тартты

Бүгүн, 24-август саат 18:00гө чейин Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин тактап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырышы керек. Учурда «Таза коом», «Бүткүл жаштар саясий партиясы», «Адам-Демократ» партиялары шайлоого катышуудан расмий баш тартты. Бул тууралуу БШК маалымдады.

Учурда партиялар талапкерлердин тизмелерин тапшырып жатышат. «Мекенчил» жана «Ыйман Нуру» партиясынын документтерин толуктап тапшырыш үчүн артка кайтарылды. Партия өкүлдөрү саат 18:00гө чейин аны кайра тапшырарын билдиришти.

4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат. Кыргыз парламентине шайлоо 4-октябрга белгиленген. 22-августтагы расмий маалыматка караганда, 20дан ашуун партия жыйын өткөрүп, тийиштүү документтерди БШКга берди. Жогорку Кеңешке ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирип, кээ бирлери түрдүү себептерден улам жарыштан чыкты.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. (TSh)