УКМК: Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди

Бобомурод Абдуллаев эркиндикке чыккан учурда. Өзбекстан. 2018-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди өзбек бийлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

“Эл аралык издөөдө жүргөн Абдуллаев 8-августта Ташкендин өтүнүчү менен кармалган. Биринчи Май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 22-август күнү Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди”.

Рахат Сулайманов өзбекстандык журналистти экстрадициялоодо Кыргызстандын мыйзамдары жана мамлекеттер аралык келишимдер сакталганын белгилеген.

Мындан тышкары УКМКнын билдирүүсүндө: “Өзбекстан тарап Бобомурод Абдуллаевдин укуктары толук корголушуна, анын ичинде адвокаттан тартып, медициналык жардам менен камсыз болоруна жана ага карата эч кандай кыйноо, ырайымсыз мамиле болбошуна кепилдик берди”, деп жазылган.

Өзбекстандык журналист 9-август күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Атайын кыздмат Абдуллаев Өзбекстанда кылмыш ишине шектелип, эл аралык издөөгө алынганын, ал өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармалганын маалымдаган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан.

Журналисттин адвокаттары жана жубайы Кутликиз Балхибаева күйөөсүнө адвокаттарын жолуктурбай жаткандыгын айтып, ушундан улам Бишкек аны Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирген.

Анын адвокаты Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган. Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган эле. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.(AiB/ZKo)