Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн 411 миллион сомдун эсебинен Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алды.
Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов 21-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ата мекендик дыйкандардан дагы 10 миң тонна буудай сатып алынат.
Каракулов ушу тапта мекемедеги азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жете турганын, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дары-дармектерди сатып алып, резервге коюу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу дары-дармектер жетиш экени ачыкка чыкты. Айрыкча илдет күч алган июнь-июль айларында дарыканаларда кезек күткөндөр көп болду. Пандемия башталган март айындагы эки айга созулган карантин учурунда азык-түлүк тартыш болот деген кеп тарап, дүкөндөрдө да адамдар кезекке турушкан.
Бийлик эпидемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертип жатат. (NT)
Дагы караңыз
Айтылган насыя ишкерге жетпей жататИлдеттин кесепетинен кутулуунун жол-жобосуУбададан ашпаган дарыгерлердин айлыгы