Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 20-августтагы онлайн брифингде салыктар жана төлөмдөр тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 2020-жылдын беш айында карантинге байланыштуу мамлекеттик бюджетке алты млрд. 417,8 млн. сом, ал эми республикалык бюджетке беш млрд. 438,3 млн. сом түшпөй калды.
Ал эми июль айында алты млрд. 859,1 млн. сомдук салык жана төлөм жыйналган.
«Белгиленген план 109,9% түзгөн же 616,1 миллион сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 548,9 млн. сомго көбөйгөн», - деди ал.
Абдалиевдин билдирүүсү боюнча жалпысынан быйылкы жылдын жети айында 40 миллиард 452,3 милллион сом салык жыйналды. План 90% пайызды түзүп, төрт млрд. 489,6 млн. сомдук салык топтолбой калган.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөт быйыл майда бюджетти кайра карап чыгууга аргасыз болгон. Ал вирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин тартыштыгын жабууга чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар жардам аларын билдирген. Июлдун аягына карата мунун 333,3 млн. доллары келип түштү. (NT)
Дагы караңыз
АӨБ: Кыргыз экономикасы 10% төмөндөйт Өкмөт бюджет толтурууда кыйналды «Катаал үнөм» чын эле катаалбы? (1-бөлүк)