«Торугарт» бажы бекетинин ишин жандантуу маселеси талкууланды

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 19-августта Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар чек арадагы «Торугарт» бажы бекетинин ишин жандантуу, Кыргызстандагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытайлык адистердин келиши жана Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоо маселелерин талкуулашты.

Айдарбеков учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тышкы карызынын мамлекеттик бюджетке түшчү салмагын жеңилдетүү маселесин чечүүгө көмөктөшүүсүн Ваң Иден өтүндү. Кыргызстандын тышкы иштер министри коронавируска каршы күрөшүүдө Кытай тарап берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирус пандемиясынан улам февраль айында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт», «Эркечтам» бажы бекеттери убактылуу жабылган. «Эркечтам» бекети кыргыз тараптын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жанданткан. «Торугарт» эмгиче ачыла элек.

Кыргызстан менен Кытай «Торугарт» бекетинин ишин жандандыруу маселесин июндун башында талкуулаган. Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди.

Көп өтпөй Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бекет 8-июндан тартып ишке кирерин жарыя кылган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бекеттин иши кайра токтотулган. (ZKo)