Премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүгө коомчулукту чакырды. Ал күзүндө той-аштар көп өткөрүлө турганын эске салып, пандемияга байланыштуу азыр андай иш-чараларды токтото турууну сунуш кылды.
«Биздин өлкөдө күз айларында тойлор жана мааракелер көп өткөрүлөт. Бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана өкмөттүн позициясына, бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!».
Пандемиядан улам Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.
Өткөн аптада Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторан, клубдар аныкталган. (NT)
Дагы караңыз
Тумоону тоготпогон кыргыз той-ашыПандемия дыйкандын түйшүгүн көбөйттүБийлик той жана жаназа тартибин өзгөрткүсү келет