Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык келди

Орусиядан келген кыргызстандыктар. Кезектеги рейстердин бири.

19-августта Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмен, Сургут, Салехард, Надым, Курган, Перм жана башка шаарлардан келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыздардын диаспораларынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 20-марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан жалпы жонунан 26 миңден ашуун жаран мекенине кайтты.

COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Чек аралар азырынча жабык, темир жол жана автожол каттамдары да качан толук ачылары белгисиз. Өлкөнүн жалпысынан тогуз чет мамлекет менен авиакаттамы бар. (NT)