АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, республикачы Колин Пауэлл президенттикке Жо Байдендин талапкерлигин колдоп чыкты. Пауэллдин бул тууралуу билдирүүсү АКШдагы Демократиялык партиянын сайтына чыкты.
«Мен АКШнын президенттигине шайлоодо талапкер Жо Байденди колдойм», - деди Пауэлл. Ал Байден америкалык аскер кызматкерлерине көңүл бурат деген ишеничин билдирди.
Колин Пауэлл 2001-2005-жылдары АКШнын 43-президенти, республикачы Жорж Буштун бийлигинин учурунда мамлекеттик катчы болуп турган. 1987-1989-жылдары 40-президент, республикачы Рональд Рейгандын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы болгон.
2016-жылкы президенттик шайлоодо демократ Хиллари Клинтонду колдоп чыккан.