Ош шаардык ооруканасына кыргызстандык өзбектер «Тез жардам» машинесин алып беришти

«Тез жардам» автоунаасы жана медициналык каражаттар.

18-августта Ош шаардык ооруканасына «Тез жардам» автоунаасы жана медициналык каражаттар тапшырылды. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жардам берүү боюнча шаардык кеңештин депутаты Сухбатилло Мирзаев демилге көтөрүп, аны Ош шаарындагы өзбек улуттук-маданий борбору жана бир нече ишкерлер колдогон.

Медициналык каражаттарды тапшыруу иш-чарасына Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, коронавирус менен күрөшүүдө ишкерлердин салымы чоң экенин белгиледи.

Шаардык ооруканага жалпысынан реанимация жана кардиологиялык жабдыктар менен толук жабдылган бир атайын «Тез жардам» автоунаасы, бир ИВЛ аппарат, 80 медициналык керебет, 200 төшөнчү, 7000 беткап жана 200 коргонуучу каражат тапшырылды.

Буга чейин шаардагы медициналык мекемелерге жеке ишкерлерден тартып эл аралык уюмдарга чейин жардам берген. (DU)