«Ата Мекен» саясий партиясы 17-августтагы курултайында алдыдагы парламенттик шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин бекитти. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү 18-августта билдиришти.
Ага ылайык, партияны шайлоого Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. Аталган партиянын алдыңкы тизмесине төмөнкүлөр кирди:
1. Жанарбек Акаев
2. Тилек Токтогазиев
3. Рыскелди Момбеков
4. Элвира Сурабалдиева
5. Элдар Абакиров
6. Акыл Түмөнбаев
7. Евраз Осмонов
8. Наталья Никитенко
9. Абылкасым Шерниязов
10. Абдывахап Нурбаев
11. Эмил Токтошев
12. Турсунбүбү Чотонова
13. Азат Эркебаев
14. Ким Ин Сен
15. Бахадыр Сулейманов
16. Кундуз Кырбашева
17. Керимберди Макеев
18. Улан Жураев
19. Бакыт Турдубеков
20. Жибек Шарапова
21. Бакыт Рыспаев
22. Сейтек Качкынбаев
23. Абдимиталип Сатыбалдиев
24. Гүлмира Кулумбаева
25. Эрлан Аскаров.
«Ата Мекен» партиясынын 17-августтагы жыйынында партия лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышпай турганын айткан.
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. (NT)
Дагы караңыз
Темир Сариев «Ата Мекенден» алыстады«Ата Мекендин» лидеринин иши арасат абалда"Ата Мекендин" ичиндеги "араздашуулар"