Кой-Таш окуясы боюнча сотто прокуратура айыптоо корутундусу менен тааныштырды

Кой-Таш окуясы боюнча онлайн өткөн соттук териштирүүлөрдүн бири. 3-август, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 17-августта Кой-Таш окуясы боюнча жараян онлайн уланып, прокурорлор айыптоо корутундусу менен тааныштырып бүттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айыптоо корутундусунда айыпталуучулар окуяга күнөөлүү экени жазылган.

Айыпталып жаткандардын бири Кундуз Жолдубаева сотто өзү, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев коюлган айыптарды четке кагышканын маалымдады.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу иш да өзүнчө каралууда.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Кой-Таш окуясы боюнча кийинки териштирүү 19-августка белгиленди. Анда күбөлөр сурала баштай турганы кабарланды. (NT)

Дагы караңыз

Атамбаевди шаардык сот да 11 жылга кести Кой-Таш окуясынын таасири жана сабагыАсановдун сотунда күбөлөр сурак берди