Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалымат боюнча, 16-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында көлгө 29 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн 17-августта таап Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Министрлик август айында сууга чөгүп кеткен дагы беш киши табылбай жатканын кабарлады.
Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табыла элек.
Дагы караңыз
«Баламды издеген куткаруучуларга боорум ооруду»Ушул эле райондо 16-августта Ленская көчөсүндө сөз болуп жаткан каналга эркек киши чөгүп кеткен. Анын тек-жайы такталып жатат. Азырынча сөөгү табыла элек.
Свердлов районунда 15-августта Учкун кичи районунда Чоң Чүй каналына 13 жаштагы бала чөгүп кеткен. Издөө иштери 17-август күнү улантылат.
15-августта Аламүдүн районундагы Аламүдүн суусуна 26 жаштагы аял түшүп кетип, сөөгү табылбай жатат. Издөө иштерине 21 куткаруучу тартылды.
Ошондой эле 7-августта Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына түшүп кеткен жети жаштагы бала да табылбай жатат. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдар жана жергиликтүү тургандар тартылды. (BTo)