БАЭ менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады

Президент Дональд Трамп Израил менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосунда келишим түзүлгөнүн жарыялагандан кийин, Вашингтон, 13-август 2020-жыл.

16-августта Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады. "Associated Press" агенттиги муну эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака башталганын күбөлөгөн жаңылык катары мүнөздөдү.

Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинен Израилге телефон чалуу мүмкүн эмес эле. "Байланыш жок" деген автожооп гана араб жана англис тилдеринде жаңырып турчу. Жарандар интернет аркылуу байланышууга аракет кылса да, бийлик көп учурда мындай жолдорго бөгөт коюп келген.

13-августта Израил менен БАЭ толук дипломатиялык алака түзгөнүн жарыялашкан болчу. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай келишимге Кошмо Штаттар ортомчулук кылган. Бул макулдашуу ноябрдагы президенттик шайлоого катышууну көздөп турган Дональд Трамптын администрациясынын дипломатиялык жетишкендиги катары бааланган болчу.