«Биримдикти» жандаган аткаминерлер

«Биримдик» партиясынын Оштогу штабы.

«Биримдик» партиясынын Ош шаарындагы кеңсесине мэриянын муниципалдык кызматтарынын жетекчилери чогулганы талкуу жаратты.

Бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында административдик ресурсту колдонуу катары бааланууда. Шаардык бийлик болсо кызматкерлери өргүүдө экенин билдирди.

«Өргүүдө өз билгендерин кылышат»

14-августта «Биримдик» партиясынын Оштогу штабына мэриянын бир топ кызматкерлери чогулганы тууралуу видео-кабарлар талкууга түштү.

«Биримдик» партиясынын Оштогу штабынан журналисттер берген түз эфирдеги видеодон «Ош шаардык суу канал» башкармалыгынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөровду, анын орун басары Талант Байкишиевди, шаардык Муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаровду да көрүүгө болот.

«Сулайман-Тоо» муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Сонунбек Жунусбаев менен «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов.

Ошондой эле штабга «Сулайман-Тоо» муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Сонунбек Жунусбаев, «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов келген. «Тазалыкчы» Исмаилов Ош шаардык кеңешине «Биримдик» партиясынан талапкер экенин айтып, «иш учурунда штабга келип-кетүүгө эмнеге болбосун?» деген таризде жооп узатты.

«Бул жерде эми мен да, бул да (Сонунбек Жунусбаев) талапкер катары келдик. Шаардык кеңешке шайлоо болобу-болбойбу тактайлы дедик. Иш учурунда болсо да 15-20 мүнөткө, жарым саатка келдик. Мыйзамдуу болбосо да сураганы, даярданууга келдик»,деди Исмаилов.

Шаар бийлигинен Капаров, Көкөчөров жана Жунусбаев үчөө өргүүгө чыкканын айтып, алардын бош убактыларын кандай пайдаланып жатканына кийлигише албастыгын билдиришти.

Азамат Абсаттаров

«Журналисттин видеосунан үч кишини тааныдым. Үчөө тең өргүүдө экен. Экинчи жагынан алар шаардык кеңешке талапкерлер. Өргүүдө ар кимдин өзүнүн тандоосу бар да. Каалаган жеринде жүрө алат. «Административдик ресурс колдонулуп жатат» деген сөздөргө кошулбайм. Бирок бул боюнча мэрге маалымат беребиз», — деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Абсаттаров «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловду түштөнүү учурунда барган деп ынандырууда. Бирок тасма күндүзгү саат 10:30да тартылганын байкоого болот.

«Биримдик» партиясынын өкүлү Медер Абдыманапов болсо, партия муниципалдык кызматкерлерди атайын жыйнабаганын, алар өз эрки менен келгенин жана күн мурунтан мыйзамды бузбоо үчүн эскертүүлөр берилгенин айтууда.

Медер Абдыманапов.

«Даярдануу процесси жүрүп жатат. Бул жерде бир гана штабдын кызматкерлери бар. Башка партиялардын штабдарына барсаңыздар деле муниципалдык кызматта иштеген адамдар барып, мамиле кылып жүрөт. Менимче бул чоң трагедия эмес. Расмий түрдө партия жыйын кылып үгүт иштерине даярдануу деген нерсе болгон эмес».

Мэрия да, «Биримдик» партиясынын штабында болгон кызматкерлер да ал жерге парламенттик шайлоого байланыштуу эмес, Ош шаардык кеңешине талапкер болушканы үчүн барышканын айтышууда. 12-апрелге белгиленген Ош шаардык кеңешине шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган. Анын качан болору азырынча белгисиз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер шайлоого катышкан учурдагы мыйзам талаптарына мындайча токтолду:

«Мамлекеттик муниципалдык кызматкерлер, шайлоого талапкер катары катыша турган болсо, съезд болгондон кийин өзүнүн милдетин шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин аткарууну токтото турат. Ал жерде жөн эле жүргөн болсо, жумуш берүүчү тескеши керек. Эмнеге жумушун таштап башка жакта жүрөт, эмнеге кечикти, эрте кетип калды. Мыйзам боюнча шаардык кеңешке шайлоого байланышкан кыймыл аракеттер токтотулган. Ал (шаардык кеңештин талапкери) үгүт кылганга же болбосо үгүт иштерин жүргүзгөнгө акысы жок».

«Биримдик» партиясынын штабы жайгашкан имаратта мурун Шаардык СЭС олтурчу.

Мыйзам боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер шайлоодо кайсы бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштей албайт. Эгер ал партиянын тизмесине кире турган болсо, кызматын биротоло тапшырышы же убактылуу өргүү алышы керек.

Маселен, буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев шайлоого катыша тургандыгын жарыялап, кызматтарын тапшырган. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешине кирген «Учкун» мамлекеттик ишканасынын башчысы Дайыр Кенекеев үгүт өнөктүгу учурунда кызматын тапшырбай турганын, шайлоо учурунда эмгек өргүүсүнө гана чыгарын «Азаттыкка» берген комментарийинде билдирген.

Аткаминерлер демекчи, «Биримдиктин» штабына 14-августта жогорудагы муниципалдык кызматкерлерден сырткары да башка чиновниктер чогулган. Алардын арасында Маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуров да бар. Ошондой эле анын жубайы, таанымал ырчы Самара Каримова да болгон. Ырчы «Биримдик» партиясынан шайлоого аттанары айтылып келе жатат.

«Биримдик» партиясынын штабынан чыгап бараткан Түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуров жана жубайы Самара Каримова.

Журналисттер түз эфирде тараткан видеодо Жогорку Кеңештин КСДПдан шайланган депутаты, октябрдагы парламенттик шайлоого болсо «Биримдик» партиясы менен катышканы жатканы айтылган Азамат Арапбаевди да көрүүгө болот.

«Партияга мүчө болом, жардам берем дегендерге эшик ачык. Бул жигит (Нурбек Исмаилов) өргүүгө чыгып, шайлоого аттанып жатат. Мунун бир мыйзам бузуу жагын көрдүңөрбү?», — деген түз эфирде Арапбаев.

Канткен менен мэриянын кызматкерлеринин партиянын штабына чогулуусу 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында административдик ресурсту колдонуу катары бааланууда.

Юрист Замир Жоошевдин айтуусунда, мамлекеттик, муниципалдык кызматкер иш учурунда башка кызмат менен алектенүүсү «мыйзам бузуу» деп эсептелинип, аны иштен алууга чейин чара колдонулушу мүмкүн.

Замир Жоошев.

«Кызмат убагында саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө катышкан кызматкер «мыйзам бузду» деп саналат. Мыйзамда «кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга негиз болуп саналат» деп жазылган».

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышкысы келерин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына 44 партия арыз берип, ар кандай себептер менен 14-августка карата анын үчөө саясий жарыштан баш тартты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​