Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан чыгымга учураган ишкерлерди колдоого бөлүнгөн 14 млрд. сом колдонула элек. Бул тууралуу 14-августта өкмөттүн кезексиз жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын талкуулоодо белгилүү болду.
«Демек, ишкерлерге бул программа боюнча маалымат жакшы жеткен эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул программа алардын киреше табышына багытталып иштелип чыкканын айтып жеткирүү зарыл», - деди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Боронов насыя алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү, арызды кароонун мөөнөтүн кыскартууну тапшырып, ишкерлер бир жуманын ичинде насыя алар-албасы боюнча жооп алышы керек экенин айтты.
Кыргыз өкмөтү буга чейин коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган бизнестин түрлөрү талдоого алынарын жана аларга каржылык колдоо көрсөтүлөрүн жарыялаган. Ал үчүн 14 млрд. сом табылганын билдирген.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам 25-марттан 11-майга чейин Бишкек, Ош шаарлары баш болгон бир катар аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, ишканалар ишин токтоткон. Өкмөт жыл башынан бери 12 млрд. сомдой салык жана бажы төлөмдөрү чогулбай калганын билдирди. (BTo)