Шайлоо-2020: «Мекеним Кыргызстан» менен «Бирик» партиясы шайлоого чогуу барат

«Бирик» партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов жана «Мекеним Кыргызстандын» жетекчиси Мирлан Бакиров.

«Мекеним Кыргызстан» жана «Бирик» партиясы биригип, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого чогуу барат. Тиешелүү меморандумга эки партиянын лидерлери кол койгонун «Мекеним Кыргызстандын» жетекчиси Мирлан Бакиров кабарлады.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат. Катарында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага каршы доо арызы боюнча сотто Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Канатбек Азиз да бар.

«Бирик» саясий партиясы 2018-жылы пайда болгон. Партияны түптөөчүлөрдүн бири жана анын лидери, жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынан тизмеде 41-орунда парламенттик шайлоого катышкан.

Кыргызстанда шайлоого жакын саясий күчтөр биригип жатат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Демократ» бул жарышка катышпай турган болду. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тизмеден дагы эки партия шайлоо фондун өз убагында ачпаганы үчүн четтетилгенин билдирди. (BTo)