Некролог: Жамал Ташыбекова жетекчилик талантты көрсөтүп кетти

Жамал Ташыбекова.

Жамал Ташыбекова өзүнүн көп кырдуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жетекчилик талантты, ишке бектик менен берилгендикти, жоопкерчиликти жана максатка жетүүнү айкалыштыра алган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков баштаган жетекчилердин атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.

Некрологдо Ташыбекова министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Жогорку Советтин депутаты, тышкы иштер министри сыяктуу мамлекеттик жана коомдук кызматтарда туруп өнөр жайын, дипломатияны, эл агартуу, саламаттык сактоо, илим, маданият жана спорт чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошкону белгиленди.

Узакка созулган оорудан кийин 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова 11-августта дүйнөдөн кайтты.

Ал 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Москва жеңил өнөр жай технологиялык институтуна тапшырып, аны «инженер-технолог» адистиги боюнча бүтүргөн (1960) жана КПСС БКнын алдындагы Москва жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн (1971).

Эмгек ишмердүүлүгүнүн башталышында, 1964-1967-жылдары Кыргыз ССРинин Тиричиликти тейлөө министрлигинде өндүрүштүн башчысы, № 1-филиалдын жетекчиси, «Киргизия» фирмасынын башкы инженери жана башкы директору болуп иштеген. Андан кийин «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасында бригадир, участоктун мастери, кезмет башчы, «Технологиялык маалымат бюросунун» башчысы катары эмгектенген.

1967-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине өнөр жай, транспорт бөлүмүнүн инструктору, жеңил жана азык-түлүк өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп которулган. 1971-жылы эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 10-12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

1980-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, бир эле учурда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жамал Ташыбекованын сөөгү 13-августта «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.