АКШ «Moderna» компаниясы менен вакцина боюнча келишим түздү

«Moderna» компаниясынын АКШнын Массачусетс штатындагы баш кеңсеси. 18-май, 2020-жыл.

АКШ өкмөтү коронавируска каршы вакцинасын акыркы сыноодон өткөрүп жаткан америкалык «Moderna» биотехнологиялык компаниясы менен 1,5 миллиард долларлык келишим түздү. Ага ылайык, «Moderna» америкалыктарды вакцинанын 100 миллион дозасы менен камсыз кылуу милдеттенмесин алат. Бул тууралуу Ак үй 11-августта жарыялады.

Буга чейин Кошмо Штаттар коронавирустун вакцинасынын клиникалык сыноосун өткөрүп жаткан бир нече компания менен ушуга окшош келишимдерге жетишкен.

«Moderna» биотехнологиялык компаниясы рынокто жок ыкма менен даярдалган жана РНК же рибонуклеин кычкылына негизделген вакцинасын март айынын ортосунда сынай баштаган. Компаниянын окумуштуулары коронавирустун жыл башында чечмеленген генетикалык коду аркылуу адамда илдетке каршы иммунитетти пайда кылууну көздөшөт. Жакында алар сыноонун баштапкы баскычы ийгиликтүү өткөнүн билдирип, эксперименттин акыркы фазасына киришкен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, дүйнөдө пандемия башталгандан бери баш-аягы 160тай вакцинанын үстүнөн изилдөө жүрүп жатат. Бирок учурда алардын 20дан ашыгы гана адам организминде сыноодон өтүүдө.

11-августта орус президенти Владимир Путин Орусияда «коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина» каттоодон өткөнүн жарыялаган. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз вакцина кеминде үч баскычтуу текшерүүдөн өтүшү керек экенин билдиришүүдө.

Дагы караңыз Путин коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөнүн билдирди