ӨКМ: жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, ушул жылдын 11-июнуна чейин ар кандай себептер менен 57 киши сууга чөгүп каза болду.

Алардын арасында 29 эркек, беш аял, 14 бала жана тогуз өспүрүм бар. Өткөн жылдын 10-августуна чейин өлкөдө 122 адам сууга чөгүп өлгөн. Салыштырмалуу 2020-жылы суудагы кырсык эки эсе аз катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдарга сууга түшүү эрежелерин эскертет:

  • 1. Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ата-энелер, жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар.
  • 2. Сууга уруксат берилген жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө сууга түшүшү керек;
  • 3. Тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
  • 4. Сууга мас абалында түшпөңүз;
  • 5. Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыз;
  • 6. Кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • 7. Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
  • 8. Үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
  • 9. Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
  • 10. Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калса болот. Кескин кыймыл жасабаш керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. (BTo)