Президент жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын атын берүүнү сунуш кылды

Сооронбай Жээнбеков жаңы сейил бактын ачылышында. 11-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылды.

Бул тууралуу өлкө башчы 11-августта сейил бактын ачылышында айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели», - деди Жээнбеков.

Ал мындан тышкары мыйзамсыз берилип кеткен парк аймактарын мамлекеттик менчикке кайтаруу, жаңы сейил бактарды куруу өлкө боюнча улантыларын билдирди.

Жаңы сейил бак сегиз гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан.

Расмий маалымат боюнча, Бишкек шаарынын мэриясы акыркы бир жылда борбордо жалпы аянты 28 гектардан ашуун үч ири жаңы сейил бак куруп, жалпы аянты 30 гектардан ашуун дагы төрт сейил бактын курулушун улантууда.

Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 13-июлда кечке жуук каза тапкан. 15-июлда президенттин жарлыгы менен Мырзабековага «Эрдик» медалы ыйгарылган. (BTo)