Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 11-августта Орусиянын аймагында чет элдиктердин өлкөгө киришине чектөөлөр алына элек экенин эскертти.
Мекеме олуттуу себептери болбогон жарандардын кайра Кыргызстандан Орусияга кириши мүмкүн эмес экенин билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жүргүнчүлөрдүн туруктуу аба каттамы калыбына келе элек. Орусия менен Казакстандын чек арасы да жабык.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элчилик Кыргызстанга барууга олуттуу себеби жок жарандарды да эч кайда чыкпай турууга чакырды.
COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Алардын көбү Орусияда убактылуу жашап-иштеген мигранттар.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 26 685 жаран мекенине кайтарылды.
Кыргызстанга келген мигранттардын арасында кайра Орусияга кетүүнүн жолун сурагандар бар. (NT)