Иранда коронавируска байланыштуу чектөөлөр жаңы жылга чейин сакталат

Тегеран аэропортунда жүргүнчүлөрдү учакка салардан мурунку текшерүү. Август, 2020-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал январь айына чейин сакталарын билдирди.

«Биз бул абалда алты ай болобуз, ага азыртан даяр болушубуз керек», - деди Роухани. Бул тууралуу анын расмий сайтына 9-августта жарыяланды.

Иранда акыркы эки айда карантин чектөөлөрү азайтылган. Ошондон улам калктын басымдуу бөлүгү коронавируска көңүл бурбай, оору жугузгандар кескин көбөйдү. Акыркы убактарда Иранда суткасына орто эсеп менен 200 адам коронавирустун айынан өмүр менен кош айтышууда.

10-августка карата Иранда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 329 миң кишиге чукулдады. Бир суткада ооруга эки миңден ашуун адам чалдыгып, 189 адам андан көз жумду. Жалпысынан 186 миңден ашуун адам оорудан айыгып кетти.