Беларус полициясы Минскиде шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдириш үчүн чогулуп жаткан адамдарды кармап кетип жатат. Беларустун баш калаасында 10-августтун кечинде кеминде 19 киши кармалганын «Reuters» агенттиги күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. «Настоящее Время» телеканалы Брест, Гродно сыяктуу бир катар шаарларда да акцияга чогулгандар кармалган учурлар бар экенин маалымдады.
9-августтун кечинде мамлекеттик экзит-полл Александр Лукашенко президенттик шайлоону жеңгенин көрсөткөндөн көп өтпөй Беларустун бир катар шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Минскиде полиция жоон топ элди таратыш үчүн кулакты тундуруучу гранаталарды, көздөн жаш чыгаруучу газ, желим ок колдонгон. Евробиримдикке кирген бир катар өлкөлөр жана Улуу Британия Беларуста демонстранттарга каршы күч колдонулганын айыпташты. Президент Лукашенко нааразылык акциялары үчүн «чет өлкөлөрдөгү күчтөргө» доомат артты.
«Вясна» укук коргоо борбору түндө полициянын автоунаасы сүзүп кеткен бир жигит кайтыш болгонун билдирген болчу. Бирок Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) демонстранттын өлгөнү тууралуу кабарды четке какты. Министрликтин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова өлкө боюнча үч миңдей киши кармалганын, алардын үчтөн бири Минскиге туура келерин билдирди.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-августта билдиргендей, президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алды. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду. Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын жарыялады.
Дагы караңыз Евробиримдик Беларуста митингчилерге күч колдонулганын айыптады