Пандемия «Дордойдун» шайын оодарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө. Себеби коңшу Казакстандан, Орусиядан кардарлар келбей калды. Соодагерлер контейнердин ижара акысын чыгара албай соңку эки айды чыгаша менен жыйынтыкташты. Мектеп, билим берүү мекемелеринин онлайн окууга өтүшү абалды андан да курчутуп жатат.