Ливанда өкмөттүк имараттар демонстранттардан бошотулду

Бейруттагы кагылыш. 8-август, 2020-жыл.

Бейруттун полициясы жекшембиге оогон түнү демонстранттарды өкмөттүк имараттардан сүрүп чыгарды. Тышкы иштер, Экономика, Энергетика министрликтеринин имараттарын, Ливан банктар биримдигинин штаб-квартирасын жаалданган топтор андан бир нече саат мурда басып алган эле.

Полиция менен кагылышууда жүздөгөн адам жабыркап, ондогон киши ооруканага түштү. Бир полиция кызматкери өлгөнү да кабарланууда. Күч органдары жаш агызчу газ жана желим окторду колдонгон.

4-августтагы жарылуунун курмандыктарын эскериш үчүн Бейруттун борборунда уюштурулган митинг башаламандыкка айланып кеткен. Нааразылык акцияларынын катышуучулары кеминде 158 адамдын өмүрүн алып, миңдеген адамды жарадар кылган, шаардын бир бөлүгүн кыйраткан бул жарылуу үчүн бийликти күнөөлөп жатышат.

Баштапкы маалыматка караганда портто бир нече жыл мурда кемелердин биринен тартып алынып, ошол жерде сакталып турган аммиак селитрасына от тийип жарылган.

Бийликтеги күчтөрдү туташ коррупция үчүн айыптап, аларды жаңы адамдарга алмаштырууну талап кылган демонстрациялар Ливанда көптөн бери өтүп келатат.