Беларус бийлиги "Настоящее Время" телеканалынын үч кызматкерин өлкөдөн чыгарды

Солдон оңго карай: Юрий Баранюк, Ирина Ромалийская жана Иван Гребенюк.

Беларус бийлиги "Настоящее Время" телеканалынын үч кызматкери - Юрий Баранюк, Ирина Ромалийская жана Иван Гребенюкту өлкөдөн чыгарды. Үч журналист тең депортацияланып, өлкөгө киришине 10 жылга тыюу салынды. Бийликтин чечими менен журналисттер Украинанын Одесса шаарына жөнөтүлдү.

Ромалийская менен Гребенюк Украинанын, Баранюк Орусиянын жараны. Алар 7-августта Беларус баш калаасындагы "Минск" мейманканасында кармалган. Журналисттер Беларуска жекшембиде өтчү президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырганы барышкан.

Июлдун ортосунда Беларуста президенттик шайлоонун алдындагы бийликтин кадамына каршы акцияларды чагылдырып жүргөн медиа кызматкерлери да кармалган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Беларус бөлүмүнүн эки кызматкери кармалып, кайра бошотулган.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Боршайком беш талапкерди каттоодон өткөрдү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да бар.