Өзбекстандагы ЖОЖдорго кабыл алуу экзамендери стадиондордо өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбек бийлиги коронавирус пандемиясынан улам жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча экзамендерди стадиондордо өткөрөт. Президенттин басма сөз кызматы мындай чечим өкмөттүк жыйында кабыл алынганын билдирди. Анда жабык жайлар эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей тургандыгы, ортодогу аралыкты сактоо да мүмкүн болбой турганы белгиленген.

Билим берүү министрлиги экзамендердин баарын эки аптанын ичинде алып үлгүргөнү жатат. Тиешелүү министрлик-мекемелерге стадиондорду талапка ылайык даярдоо жана алар тууралуу абитуриенттерге маалымат берүү тапшырылды.

Бул окуу жылында университеттерге жалпысынан бакалавриатка 162 миң, ал эми магистратурага 10 миңден ашык орун берилген. Өзбекстандыгы 91 жогорку окуу жайына 1,4 миллиондон ашык улан-кыз документ тапшырган.

Соңку маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавирус 28 миңге чукул адамдан аныкталып, 180дей бейтап көз жумду. «Азаттыктын» өзбек кызматынын эркин маалымат булактарынын эсебинде бул көрсөткүч бир канча эсе көп.

Оорунун жайылышы көбөйгөндүктөн Өзбекстан карантин чараларын катаалдаштырган. Өлкөдө 13-июлдан тартып сулуулук салондору, чачтарачтар жабылган, жолдогу кыймылга чектөө киргизилген жана жашы 65тен ашкан адамдарды үйдө болушу керек экени айтылган.