COVID-19 аныкталган медкызматкерлер 2900дөн ашты

Медицина кызматкерлер пандемиядагы иш учурунда. Июль, 2020-жыл. Нарын шаары.

Кыргызстанда бир суткада 17 медицина кызматкеринен коронавирус лабораториялык жол менен аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдирди. Маалыматка караганда, вирус жугузуп алган медиктердин бешөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда, төртөө Ош облусунда, үчөө Баткен аймагында катталды. Бир суткада жети медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.

Расмий маалыматка караганда, COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жугузган медиктер 2928 кишиге жетти. Алардын 73ү кайтыш болду, 2025и айыкты. (NT)