Бир күндө коронавирус төрт кишинин өмүрүн алды, 503 кишиден жаңы аныкталды (видео)

Бишкек. Пандемиядагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка аралыгында COVID-19 илдетинен төрт каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 7-августтагы брифингде билдиргендей, кайтыш болгондордун бири Ош облусунда, экинчиси Жалал-Абад облусунда, бирөө Талас облусунда, төртүнчүсү Нарын аймагында катталды.

Өлкөдө коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери каза болгондор 1451 кишиге жетти. Акыркы күндөгү расмий маалыматка караганда, эпидемия күчөгөн июль айынан бери бир күн аралыгында вирустан каза болгондор азайды.

Бирок бир сутка ичинде COVID-19 лабораториялык жол менен расмий аныкталган учурлар азая элек. 7-августка карата маалымат боюнча коронавирус 503 кишиден жаңы табылды. Алардын 125и Бишкекте, Ысык-Көл облусунда – 81, Ош облусунда - 74, Жалал-Абад облусунда – 53, Ош шаарында – 51, Баткен облусунда - 47, Талас облусунда – 35, Чүй облусунда – 28, Нарын облусунда – 9 кишиден вирус аныкталды.

Марттан бери коронавирус расмий аныкталгандар 39162ге жетти. Анын 30764ү айыкты. (NT)