Бишкек мэриясы коронавирус курмандыктарын шам жагып эскерүү акциясын өткөрүү боюнча демилге көтөрдү. 6-августта борбор шаардын «Твиттердеги» баракчасы аркылуу төмөнкү билдирүү таратылды:
«Урматтуу шаардыктар! 29-августта COVID-19 дартынан жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели».
Кытайдын Ухань калаасынан чыккан COVID-19 вирусу 2020-жылдын алгачкы айларынан тартып дүйнөнүн булуң-бурчуна тараган.
Кыргызстанда бул илдет 18-мартта үч адамдан табылган. 6-августтагы расмий кабарга ылайык, дартка 38 659 киши чалдыкты. Анын 30 099у айыгып, 1447 бейтап каза болду.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына таянсак, 7-августка карата дүйнөнүн 188 мамлекетинде оору жуккандар 18 миллион 986 миң кишиден ашты. Сакайгандар 11 миллион 500 миңдей, көз жумгандар 712 314 киши.