«Сорос Кыргызстан» фонду облустук ооруканаларга дары-дармек берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус илдетин дарылаш үчүн жети облустагы аймактык бириктирилген ооруканаларга жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына керектүү дары-дармектер берилди.

«Сорос Кыргызстан» фондунун маалыматына караганда, жалпысынан 16 453 500 сомдук дары-дармек берилген. Алардын ичинде антикоагулянттар жана антибиотиктер бар. Тартууланган дарылардын арасында коронавирусту жана пневмонияны дарылоодо зарыл болгон түрлөрү: клексан – 3000 таңгак, эноксапарин – 3000 таңгак, гепарин – 2000 таңгак, цефепим – 15000 таңгак. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун пандемиясы башталгандан бери фонд ооруканалардагы медицина кызматкерлерин, ӨКМ, медиа өкүлдөрүн жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылып келе жатат.

Мындан тышкары фонд COVID-19 илдетине чалдыккандар үчүн 118 ыкчам байланыш линиясын жана психологиялык жардам боюнча түз байланыш ачууга көмөк көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча абал бир топ турукташканын, бирок айрым дарылар жетишсиз экенин маалымдоодо. Жетишпеген каражаттардын катарында надропарин (фраксипарин), натрий эноксапарини, кларитромицин, пиперациллин+тазобактам, мидазолам бар. Бул дары-дармектердин баары коронавирус менен пневмониянын оор жана өтө оор формаларын дарылаш үчүн зарыл.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, бейтаптар үчүн орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти. Вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү, айыккандардын жалпы саны 30 099 болду. 7165 киши ооруканаларда дарыланып жатат. (ZKo)