АКШ Кытайдын техникасын колдонууну чектейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео АКШ Кытайдын телебайланыш технологияларын жана тиркемелерин колдонууга тыюу салууну көздөп жатканын билдирди. Ал муну Кытайга тиешелүү технологиялар өлкөнүн коопсуздугуна жана АКШ жарандарынын жеке маалыматтарына зыянын тийгизет деп негиздеди.

Помпеонун сөзүнө караганда, АКШ «TikTok» жана «WeChat» сыяктуу «ишенимсиз» тиркемелерди америкалык тиркеме базарынан алып салат жана америкалык тиркемелерди Кытайдын телефондоруна орнотууга тыюу салат. Помпео ошондой эле Мамлекеттик департамент Кытайдын маалымат топтоочу жана сактоочу «булут кызматын» чектей турганын да кошумчалады.

Тагыраак айтканда, АКШдагы телекоммуникация кызматы сунуш кылган төрт кытайлык ишкананын лицензиясы токтотулат жана артка кайтарылат.

Помпеонун бул билдирүүсү президент Дональд Трамп Кытай технологиясына чабуулун күчөтүп, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн «TikTok» тиркемесин өлкөдө жабарын айткандан бир жумадан кийин чыкты. Трамп ошондой эле технологиялардын америкалык гиганты «Microsoft» компаниясын «TikTok» тиркемесин сатып алууга чакырып, 15-сентябрга чейин мөөнөт берген. Эгер бул убакытка чейин компания тиркемени сатып алса, ал АКШда иштей берет.

Америкада «TikTok» тиркемесин 80 миллиондон ашуун адам колдоноору кабарланган.