Кадырбеков: Пандемия бийликтин жүзүн ачты

Даниел Кадырбеков

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методологиясы боюнча Кыргызстанда соңку 14 күндө коронавируска чалдыккандардын өсүү ыргагы 40% чейин төмөндөдү. Бирок өкмөт башчы Кубатбек Боронов «илдеттин жайылуу коркунучу жогору, абал жалпысынан оор бойдон» деп баа берди.

Аны менен катар эле эл аралык басылмаларда Кыргызстандын бийлиги "коронавируска каршы кармашта чабал экенин көрсөттү" деген сын-пикирлер да жарыялана баштады.

Жапонияда жашаган саясий эксперт Даниел Кадырбеков «Азаттык» менен болгон маегинде пандемия маалындагы кыргыз бийлигинин иш-аракетине баа берди.

- Пандемиядан улам түзүлгөн кырдаалга көз салган адистер, басылмалар, эл аралык уюмдардын айрымдары «Кыргызстан коронавирус менен күрөштө утулуп калды, илдеттин алдын алууга, өз элин аман алып калууга даяр эмес экен», - деп сындады. Ушул канчалык негиздүү?

Даниел Кадырбеков: - Толугу менен негиздүү. Анткени Ухандан чыккан жаңы вирус январь айында эле баарына белгилүү болгон. Кыргызстанда 22-мартка чейин өкмөт эч кандай чара көргөн жок деп айтсак болот.

Өнүгүү деңгээли биздикиндей мамлекеттерден Монголия менен салыштыралы. Монголдор 22-январдан тартып Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын угуп, өкмөт кырдаалга дыкат көз салып турду. Мектептерде окуу ошондо эле токтотулуп, элге санитардык эрежелерди катуу сактоону эскертишти. Медициналык кызматкерлерди жана ооруканаларды даярдай башташты. Маалым болгондой, Монголия менен Ухань шаарынын ортосунда күндө аба каттамдары ишке ашырылып турат. Ошого карабастан, пайыздык көрсөткүчүн алганда, Монголияда бул оорудан көз жумган бир да адам катталган жок.

Дагы караңыз Убададан ашпаган дарыгерлердин айлыгы


- Даниел мырза, кыргыз бийлигинин алсыздыгы эмнеде болду?

Даниел Кадырбеков: - Албетте, шалаакылык деп айтсак болот. Анан ошол эле учурда башкаруу системасы толугу менен узурпацияланып, бүтүндөй мамлекеттик кызматкерлер, институттар бир адамдын чечими менен иштегенде ушундай майнапсыз натыйжа берет. Бизде парламент, өкмөт баш болуп президенттин көзүн карап, ал эмне десе, ошону жасашат. Президент вирусологбу же дарыгерби, же менеджерби? Жаңы чыккан вирус, тынымсыз эволюция болуп жаткан технология жана дүйнөлүк тренддерди түшүнөт деп ойлойсузбу?

Иштин көзүн билбеген, компетенттүүлүгү аябай төмөн жана кандайдыр бир байланыштары менен мамлекеттик бийликке келген күчтөр кыйын кырдаалда эмне кылышты билбей калды.

Ошол эле учурда Грузияны алалы. Грузиянын калкынын саны төрт миллиондун тегерегинде. Эли жыш отурукташкан. Иранга жакын жайгашкан. Өзүңөр билгендей, Иранда коронавирус катуу жайылды. Бирок Грузиянын мамлекеттик институттарынын иши 100 эсе натыйжалуу болду. Ал жакта бул илдеттен 20 чакты гана адам каза болду. Биздин өлкөдө 1400дөн көп адам көз жумду. Бул деген мамлекеттик институттардын чирип, иштебегенин айгинеледи.

Дагы караңыз Грузияны тумоодон куткарган «үч мушкетер»


- Даниел мырза, сиз жоопкерчиликти президентке жүктөп атасыз, бирок президент өзүңүз айткандай, универсалдуу, бардык адистиктерди өздөштүргөн "биоробот" болушу мүмкүн эмес. Президент мамлекеттик институттардын кандай иштеп жатканын, оболу мамлекеттик коопсуздуктун сакталышына көз салып турган эң жогорку кызмат адамы. Демек бул жерде Кыргызстандагы мамлекеттик институттар, мекемелер такыр алсыз, эч нерсеге даяр эмес экенин көрсөттү деп айтсак болобу?

Даниел Кадырбеков: - Президентти күнөөлөп жатканымдын себеби, анткени ал парламенттин колун бурап, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн шайлаттырды, туурабы? Биздеги бийлик системасы боюнча парламентке шайлоодо жеңген, өз программасы бар саясий партиялар жана алардын лидерлери келип, ошолор өкмөттү курашы керек эле.

Мамлекеттик институттардын алсыздыгы ар бир лидердин чечиминин жыйынтыгы. Эгерде президент парламенттин ишине киришпей, өкмөттү парламент өзү кураганда, мамлекет башчынын күнөөсү болмок эмес. Маселен, Грузияда президент өкмөттүн, парламенттин ишине киришпейт. Пандемияда да жоопкерчиликти тиешелүү адистер менен мекемелер алып, ар ким өз милдетин ийгиликтүү аткарды.

- Тилекке каршы, Кыргызстанда 1400дөн ашуун жаран, биздин туугандарыбыз мезгилсиз дүйнө салды. 1400 адамдын өлүмү - алты миллион калкы бар өлкө үчүн чоң жоготуу. Бул үчүн жоопкерчиликти ким алат?

Даниел Кадырбеков: - Жарандар ушундай кырдаалда мамлекеттик институттар, алардын башында отурган жетекчилер көйгөйдү чечип, коопсуздукту камсыз кылсын деп, өкмөткө салык төлөйт. Биз мыйзамдарга баш ийебиз. Андыктан мамлекеттик институттар өз милдетин аткарып, бизге жол көрсөтүшү керек. Ушунча адамдын өлүмү үчүн саясий лидерлер, анын ичинде президент менен ал алып келген өкмөт жана парламент жооп бериши зарыл.

Себеби парламент өзү өкмөттү кураса жана жалаң компетенттүү адамдар кызматка келгенде, анда жоопкерчиликти өкмөт менен премьер-министр алмак. Абылгазиевди кызматтан кетирип коюшту, ал эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок. Азыр бир-эки министрди ишинен айдап, "ошолор күнөөлүү" дегени жаш баланы алдагандай эле. Эмне үчүн ушундай кырдаал түзүлүп калганын карасак, анын учу мамлекеттик-институционалдык түзүлүштүн туура эмес куралганына барып такалат.

Дагы караңыз COVID-19: Учу көрүнбөгөн кезек, күчөгөн сын


- Даниел мырза, пандемия маалында "Кыргызстанда саясий бийлик мамлекеттик коопсуздукту камсыздай албай койду" деген көз караш канчалык негиздүү?

Даниел Кадырбеков: - Толугу менен жүйөсү бар. Жарым жылдын ичинде бир жарым миңдей адам өлгөнү биздин мамлекеттин эгемен тарыхында болгон эмес. Бул мамлекеттин коопсуздугуна жана конституциялык түзүмдүн туруктуулугуна доо келтирип жатат. Пандемия маалында анын масштабын аңдай албасак да, келечекте бул өзүнчө эле апаат болгонуна ынанабыз. Ага эмне үчүн жол берилгенине президенттен баштап анан айланасындагылардын баары жооп бериши керек. Себеби дегенде канча адам өмүрү кыйылды.

- Пандемия күзүндө өтчү парламенттик шайлоонун нугун канчалык өзгөртөт? Шайлоонун алдындагы өнөктүккө кандай таасир этет?

Даниел Кадырбеков: - Бийликте отургандар өз жылуу ордун сактап калуу үчүн шайлоодо такай эле административдик ресурсту жана бурмалоону колдонуп келгенин билебиз. Эл аралык тажрыйбаны карасак, адатта ушундай маалда бийликте отурган күчтөр жеңилет. Себеби элде нааразылык аябай күчөп, жаңы күчтөргө артыкчылык ишеним артылат. Бирок андай жаңы күчтөр деле жол көрсөтүп кетет же өз ишин мыкты жүргүзүп кетет дегенден алысмын.

Анткени дал ушундай учурда популисттер, улутчулдар бийликке келип, чыңалган кырдаалды ого бетер курчутуп, кризисти тереңдетиши мүмкүн. Күзгү шайлоодо элибиз өзү ойлонуп, өз баасын берет деп ишенем. Өнүгүүгө жетелей турган, туура реформаларды жүргүзө алчу саясий биримдиктерди жана партияларды тандайт деген үмүтүм бар.

Дагы караңыз Вирус отуз жылдык жараны жарды


- Ошол эле учурда пандемиядан кийинки заман кандай болот, дүйнө элине эмне сыноо, кандай жоопкерчилик артат деген суроо түйшөлтөт. Пандемия кыргыз бийлигине эмне сабак берди?

Даниел Кадырбеков: - Менин оюмча кыргыз бийлиги эч кандай сабак алган жок. Мамлекет башчы Кубат Бороновдун талапкерлигин сунуштап, «мен каалаган адам өкмөт башчы болот» деди эле, парламент кол көтөрүп берди. Болгондо дагы пандемия күчөп турганда өкмөт алмашты. Жаңы өкмөттү шайлабай эле, өкмөт мүчөлөрү «милдетин аткаруучу» болуп иштеп турушса деле болмок. Бул дагы эле «бийликти сактап калам» деген эскиче, чолок ой жүгүрткөн саясий лидерлер бар экенин көрсөтүп койду.

Алдыдагы беш жылда экономика жана дүйнөдөгү соода-сатык, глобализация маселелери бир аз басаңдай түшөт го дейм. Бул жараян, албетте, биздин экономикага катуу сокку урат. Экономикабыз быйыл 30 миллиарддан ашык таңкыстык менен кетип баратат. Бул деген карыз алып, дефицитти карыз менен жаап жатабыз дегенди билдирет.

Бул тенденция күчөгөн сайын биздин мамлекетке жаңыча ой жүгүртө алган жана кризис маалында дүйнө жүзү менен экономиканы өнүктүрө алчу күчтөр зарыл. Байкасаңыз, бизде миграция, соода-сатык, баары басаңдоонун үстүндө. Ал барып эле калктын саламаттыгына, саясий-коомдук турмушка, жашоонун бейпилдигине чоң коркунуч жаратат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​