Рысбекова: IT - аялдарга эң ылайык кесип

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү. Башталгыч классты Өзгөндө окуп, Түркиядагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган соң IT тармагындагы бир топ ишканаларда тажрыйба топтогон. Алия жакында "Google" компаниясынын  бир бөлүгү болгон "DeepMind" компаниясы менен эмгек келишимин түздү.