Москванын полициясы шаардык метродо беткапсыз же мээлейсиз жүргөндөргө кайрадан айып сала баштады. Коомдук транспортко байкоо жүргүзүү 1-2-августтан тартып күчөтүлгөнүн ТАСС маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып кабарлады.
Акчалай жазанын өлчөмү беш миң рублга чейин болот.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу 12-майдан тартып Орусиянын борборунда беткап жана мээлей менен жүрүү милдеттендирилген. Ошол эле учурда ачык жерлердеги коомдук жайларда беткапсыз жүрүүгө болот.
4-августтагы статистика боюнча Орусияда коронавирус жукканы аныкталгандар 860 миңден ашты. Алардын дээрлик үчтөн бири Москва шаарына туура келет.