Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөрдүн мөөнөтү узартылды

Жалал-Абад шаары. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус эпидемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу шаар башкармалыгы кабарлады.

Тамактануучу коомдук жайлардын, түнкү клубдардын жана кафе- ресторандардын иштөө мөөнөтү мурдагыдай эле кечки саат 8ге чейин деп чектелди. Жеткирип берүү кызматтары иштей берет.

Мечиттерде жума намазын окууга 1-сентябрга чейин тыюу салынды.

Санитардык эрежелерди сактоо багытында атайын текшерүүлөр уюштурулуп турат.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын соңунда башталган. Жалпысынан бул илдет 37 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду, 30 миңдейи сакайып кетти.

Оору жуккандардын үч миңден ашыгы Жалал-Абад облусунда. (RsK)