Жээнбеков Интернетти чектеген мыйзамга каршы пикирин билдирип, аны кайра парламентке жөнөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарды.

Бул тууралуу 3-августта мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлап, ал мыйзамдын ар бир адамдын укуктарын жана эркиндигин Интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо зарылдыгы тууралуу концепциясын колдой турганын, бирок каршы пикирлери бар экенин маалымдады.

Мекеме белгилегендей, Кыргызстандын ички мыйзамдары да, эл аралык нормалар да пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндигине кепилдик берет, ошол эле учурда башка адамдын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоого да милдеттендирет.

Президенттин басма сөз кызматы ар бир адам жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу экенин, бирок «пандемия учурунда социалдык түйүндөр аркылуу жалган жана анык эмес маалымат таратууга багытталган айрым адамдардын аракеттери адамдардын ден соолугуна жана/же өмүрүнө, коомдук тартипке жана/же коомдук коопсуздукка зыян келтирүү коркунучун жаратып, ошондой эле адамдардын мыйзам менен корголгон укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин кемсинтип жатканын» белгиледи.

Жээнбеков мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, укуктук мамилелердин субъектилерин, аны ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык өңүттөрүн коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгыш керек деп эсептейт.

Жогорку Кеңеш быйыл 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына да туш болгон.

Демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан. (RK)