Шайлоо-2020: коомдук байкоочулар катталды

Кыргызстандагы президенттик шайлоо учуру. 15-октябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-июлда парламенттик шайлоого карата коомдук байкоочуларды каттады.

БШКнын маалыматына караганда, «Жалпы иш» коомдук фондунан Таалайбек Асылбеков, Сейит Бобушев, Тариел Аалиев, «Таза шайлоо» ассоциациясынан Ракия Рахматова коомдук байкоочу катары каттоодон өтүштү. Аларга байкоочу деген күбөлүк берилмекчи.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругунун негизинде парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирген. (NT)