Тажикстанда аттестациядан кийин 100дөн ашык бажы кызматкери иштен алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Бажы кызматында иштегендер аттестациядан жана текшерүүдөн өткөндөн кийин анын жыйынтыгы менен 118 адам иштен алынып, 38и кызматынан төмөндөтүлдү. Аталган кызматтын башчысы Хуршед Каримзода алардын арасында катардагы кызматкерлерден тартып бажы бекеттеринин жетекчилерине чейин бар экенин айтты. «Аттестациялык комиссиянын курамында президенттик аппараттын да өкүлдөрү болду. Комиссияга карата эч ким даттанган жок», деди ал.

Каримзода бош орундарга жаңы кадрлар сынак аркылуу алынарын, тандоо үч этап менен өтөрүн кошумчалады.

Буга чейин айрым бажы кызматкерлери аттестациянын шылтоосу менен негизсиз кызматтан алынганын айтып, нааразы болуп жатышкан.

Бажы кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү былтыр май айында президент Эмомали Рахман бул кызматты сынга алгандан кийин башталган. Анда Рахмон бул кызматтагы жетекчилердин бири Шахбоз Раджабзоданы сынга алып, соңку эки жылдын ичинде эле чет өлкөгө 16 жолу барып келгенин, бир канча батири, автоунаасы бар экенин айткан. Бирок ал жетекчи жаш болгондуктан, камабай турганын билдирген.

Тажик бийлиги президенттин каарына калган бажычы иштен алынганын билдирген, бирок кийинчерээк ал мурдагы кызматынан да жогорку кызматка дайындалганы айтылган.

Бир катар сурамжылоолорго ылайык, Бажы кызматы Тажикстандагы коррупцияга көп баткан мекемелердин бири болуп саналат.