COVID-19: Бир суткада 17 бейтап каза болду, илдет 631 кишиден аныкталды (видео)

Бишкектеги күндүзгү стационар.

Кыргызстанда 30-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 17 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун тогузу Бишкекте, экөө Чүй облусунда, экөө Нарын облусунда, төртөө Жалал-Абад аймагында. Муну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза тапкандардын жалпы саны 1364 кишиге жетти.

Расмий маалыматка караганда, бир сутка ичинде вирус дагы 631 кишиден жаңы аныкталды. Анын эң көбү - 118и Бишкекте. Ошто – 89, Чүйдө – 81, Ош облусунда - 74, Талас облусунда – 27, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 94, Жалал-Абад облусунда – 85, Баткенде - 50 кишиден коронавирус табылды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35143 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1131 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 24 474.

Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.