Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү

Александр Лукашенко Москвадагы Жеңиш парадында. 24-июнь, 2020-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко «чет элдик жалданма адамдар болушу ыктымал» дегендер кармалгандан кийин 29-июль күнү Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Лукашенко басымдуу бөлүгү орусиялыктар экени айтылып жаткан «чет элдик болжолдуу жалданмалар кармалганын» «чукул кырдаал» деп атап, буга эми «Орусиянын мамилесин» байкап көрөрүн айтты. Президент «алар актаныш үчүн «мунун баарын беларус бийлиги өзү уюштурду» деп айтышарын» кошумчалап, Орусия «өзүнүн ыплас дымагын актоого аракет кылып жатат», - деди.

Лукашенко Коопсуздук комитетинин башчысы Валерий Вакульчикке кырдаалды жакшылап иликтөөнү тапшырды:

«Эгер кармалгандар орусиялыктар болсо, тезирээк Орусиянын тиешелүү кызматтарынан түшүндүрмө талап кылыш керек».

Беларус Тышкы иштер министрлигинен Орусиянын Минскидеги элчилигине орусиялык 32 жаран кармалганы тууралуу расмий маалымат берилгени кабарланууда. Беларустун баш калаасы Минскинин жанында «32 чет элдик жалданма аскер» кармалганын, алардын басымдуу бөлүгү орусиялыктар экенин БЕЛТА мамлекеттик агенттиги 29-июлда жазды. 9-августта өтө турган президенттик шайлоонун алдында «кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн» 200дөй чет элдик согушкер келгени тууралуу Коопсуздук кызматына маалымат түшкөнү кабарланган.

Лукашенко буга чейин коңшу Украинада 2014-жылы болгон Майдан окуяларына окшош төңкөрүштү уюштуруш үчүн белгисиз күчтөр чет элдик жалданма аскерлерди колдонушу мүмкүн экенин айткан.

«Свобода» радиосу БЕЛТА жарыялаган тизмедеги адамдарды иликтеп чыгып, алардын ичинен кеминде 18 адам Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерге катышы бар экенин аныктады. Бул тууралуу мурда Украинанын «Миротворец» сайтына жазылган, алардын айрымдарынын соцтармактардагы аккаунттары азыркы күнгө чейин иштейт.

БЕЛТА кармалгандардын баары орусиялыктар экенин ырастоодо. Бирок «Свобода» радиосунун маалыматына ылайык, алардын бирөө - Геннадий Фетисов Донецкиде туулуп-өскөн жана жашаган. Украин жараны болушу ыктымал. Кармалгандардын дагы бири - Андрей Бакунович Беларустун Иванковичи шаарында туулган, Тюменде жашайт. «Миротворец» ал «Вагнердин» көзгө атарлар тобун жетектегенин билдирди. Мурда Украинанын чыгышында жикчилдер тарапта согушкан орусиялык жазуучу Захар Прилепин кармалгандардын ичинде анын батальонундагы адамдар да бар экенин ырастады.

Минскиде кармалгандардын ичиндеги орусиялык жарандар тууралуу маалыматтарга Кремль жооп бере элек.

Мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко быйылкы шайлоо алдында оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда. Нааразылык акцияларына чыккан жүздөгөн адамдар, анын ичинде активисттер, блогерлер камалды. Ал эми оппозициядагы негизги өкүлдөр шайлоого талапкер катары каттоодон өтпөй калды.