«Жарандык көзөмөл комитети» Равшан Жээнбековду саясий туткун деп тааныды

Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму экс-депутат Равшан Жээнбековду саясий туткун деп тааныды жана ага карата кабыл алынган соттук чечимдердин баарын кайра карап чыгууга чакырды.

Уюм 29-июлда кайрылуу таратып, коронавирус шартында камалып отурган абактагы бардык адамдардын ден соолугуна тынчсыздануу билдирип, Жээнбековдун саламаттыгы начарлап жатканы тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурууга үндөдү.

Уюмдун координатору Динара Ошурахунова «Азаттыкка» билдиргендей, Равшан Жээнбековду саясий туткун деп таануунун эл аралык укуктук негиздери изилденип чыкты.

«Жээнбековду жети аябай оор кылмыш үчүн айыптап жатышат, - деди ал. - Бирок бири да далилденбей, аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан адамдардын сөзү эле далил катары берилүүдө. Тергөөнү жана сотту калыс өткөрүү тууралуу эл аралык да, биздин Кыргызстандын Конституциясынын жана башка мыйзамдарынын да принциптеринин баары бузулууда. Ошондуктан биз Равшан Жээнбеков чынында эле саясий туткун деп айтып жатабыз. Эки күн мурда анын адвокаты ден соолугу тууралуу билдирип, абалы катуу экенин айтты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «камактагылар арасында ооругандар жок» дегени менен 75 кызматкери пневмония болуп ооруганын ачык жарыялады. Азимжан Аскаров да ооруп жатып, эч кандай жардам албай каза болуп калганынан тынчсыздана баштадык».

«Жарандык көзөмөл комитети» бийликке кайрылып, Жээнбековду үй камагына чыгарууну жана анын ден соолугуна өз алдынча кам көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.

ЖАМК Жээнбековдун саламаттыгы боюнча маалымат бере элек. Буга чейин ооруп жатканы тууралуу кабарларды четке кагып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок экенин 13-июлда билдирген.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Буга чейин соттор аны үй камагына чыгаруудан баш тарткан. (RK)